Биз социалдык тармакта

Борбордогу көчөлөрдүн биринен "күч колдонуу менен акчаны тартып алган" деп шектелген жаран кармалды

Борбордогу көчөлөрдүн биринен "күч колдонуу менен акчаны тартып алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Жол-патрулдук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-май күнү саат 18:00 чамасында Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде турган патрулдук милициянын кызматкерлерине 31 жаштагы К.С. аттуу жаран кайрылган. Ал 25-27 жаштардагы белгисиз жигит күч колдонуу менен жанындагы акча каражатын тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Б.С. аттуу жаран кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан