Бүгүн Чемпиондор Лигасынын экинчи финалчысы аныкталат, испаниялык "Реал" англиялык "Манчестер Ситини" кабыл алат (анонс)

Бүгүн, 4-майда Европадагы ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын жарым финалында "Реал" жана "Манчестер Сити" клубдары жооптук оюнда кез келишет. Мадрид шаарында өтө турган беттеште үй ээлеринин лидери Криштиану Роналдунун майданга чыгары белгилүү болду. Бирок "Реалдын" курамынан Карим Бензема жаракатынан улам ойнобой калышы мүмкүн. "Манчестер Ситинин" курамынан болсо Давид Силва командасына майданда жардам бере албайт.

“Реал” (Испания) – “Манчестер Сити” (Англия)

Стадион: Мадрид шаары, "Сантьяго Бернабеу" стадиону

Калыс: Дамир Скомина (Словения)

Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты)

(алгачкы оюнда 0:0 эсебиндеги тең чыгуу катталган)

Зинедин Зидан, "Реалдын" башкы машыктыруучусу:

- Криштиану Роналду оюнга чыкканга 100 пайыз даяр. Акыркы аптада ал калыпка келди. Биз финалга чыкпай калсак "катастрофа" болот. Жооптук оюн, албетте, алгачкы оюнга салыштырмалуу кыйын. Ошентсе да 90 мүнөт ичинде финалдык жолдомону камсыздайбыз деп ишенем.

Мануэль Пеллегрини, "Манчестер Ситинин" башкы машыктыруучусу:

- "Манчестер Сити" буга чейин болуп көрбөгөн ийгиликти багынтып, финалга чыгуу аракетин көрүп жатат. Алгачкы оюнда атаандашка басым көрсөткөнгө аракет кылганбыз, бирок анда тапшырма толук аткарылбай калган. Мыкты оюндардын тагдырын мыкты оюнчулар чечет. Бизде мыкты футболчулар аз эмес, андыктан максатка жеткенге үмүт бар. Команданы чабуулда гана эмес, коргонууда да чоң жумуштар күтүп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
s5kgbal
2016-05-04 11:21:24
REal
+13
fara2503
2016-05-04 11:31:50
Реал- Манас. Сити 2-1дубль Роналду
+7
Urmat-1989
2016-05-04 11:43:32
реал алгаа
финал реал атлетико
+11
fanatkg
2016-05-04 12:05:47
Реал Мадрид-Ман Сити 3:0
+11
EMA_98
2016-05-04 13:37:04
Реал смело женет
+7
beku5761
2016-05-04 14:16:34
реал мадрид алга!
+7
bazarkyl
2016-05-04 14:20:52
Кимиси чыгат, мага баары бир.
0
eky2010
2016-05-04 15:38:39
Реал ийгилик
+6
tashi62
2016-05-04 15:48:22
Кызык оюн болот окшойт .
+4
Khabib
2016-05-04 15:59:18
хала мадрид аракетин жакшы кылса женет.
+5
aianaaiana
2016-05-04 16:23:07
Барсаны колдогондор үн катпайтко
-5
elgiz0890
2016-05-04 16:32:10
Топ тоголок реал бугун фанаттары мн жоголот алга сити
-6
aidana96
2016-05-04 19:13:18
Реал Мадрид женет жана чемпион болот буйурса.
+4
Imaraliev
2016-05-04 20:12:47
Реал Мадрид алга алга реал чемпион
+4
daiyrbekov_91
2016-05-05 02:47:37
Реал утту урра!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан