Футболчу Лионель Мессиден сыйлыкка футболка алган ооганстандык баланын үй-бүлөсү өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болду

Футболчу Лионель Мессиден сыйлыкка футболка алган ооганстандык Муртаза Ахмадинин үй-бүлөсү Ооганстандан качып кетүүгө мажбур болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мунун себебин анын атасы Мохаммад Ариф Ахмади белгисиз бирөөлөр телефон аркылуу коркутуп жатканы менен түшүндүрдү. Бирок ал коркуткандар эмне талап кылып жатышканы тууралуу ооз ачкан эмес. "Менин уулум тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыккандан кийин телефон аркылуу коркутуулар көбөйдү. Биз өлкөнү таштап, Пакистанга качкандан башка арга таба алган жокпуз", - дейт ал.

Ахмадинин үй-бүлөсү БУУнун Качкындар боюнча агенттигине кайрылган. Алар убактылуу Пакистанда болуп турушат. Баланын атасы жакынкы арада коопсуз мамлекеттердин бирине көчүрүүнү суранып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rus.ruslan
2016-05-04 12:47:01
Тушунуксуз!
-4
Moskva.kg
2016-05-04 14:13:39
Дуйнону дунгуроткон адамдар тынч эле жашап журушот го качбай эле эми ушул кичинекей баланы коруп калышыптырбы бир футболкасын жасап кийип койсо
+1
al-abu-kinesz
2016-05-04 14:29:29
Месси миллиондогон акчалай жардам берди деп ойлоп ач коздонуп тартып алгысы келип атышат да. К. Роналдо болгондо реально жардам бермек. Месси еврейлер менен отношениеде болгондон кийин алар мусулманга акчалай жардам бер деп кенеш бермек беле...
+3
Moskva.kg
2016-05-04 15:40:50
Бирок макала тушунуксуз эмне деп коркуткан жон эле чалып коркутбаса керек ортодо чон проблема бар эгер чын эле коркутса айтып качбайт эле
0
aianaaiana
2016-05-04 16:20:57
Анткени ал Леонел еврей синагог аны бала кайдан билет арабдарда еврейлерди жаман көрөт ошон үчүн коркутуулар болсо керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан