Бишкекте Эл аралык футбол жана достук күнү белгиленип, "Достук кубогу" мелдешине старт берилди

3-майда Бишкектеги "Дордой" спорттук комплексинде Эл аралык футбол жана достук күнү белгиленди. Ошондой эле 8 команданын катышуусунда өтүп жаткан Достук кубогунун ачылыш аземи болду. Салтанатка кыргыз футболунун ардагерлери, аталган клубдун жетекчилиги, футболчулар жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Эл аралык футбол жана достук күнү быйыл Италиянын Милан шаарында өтчү "Футбол достук үчүн" форумуна катыша турган 32 мамлекетте белгиленди. 32 мамлекетке тең "Футбол достук үчүн" долбоорунун символу болгон билериктер жөнөтүлгөн. Билерик көк жана жашыл түстөгү жиптерден турат. Андагы жашыл түс футбол майданын мүнөздөсө, көк өң ачык асманды сүрөттөйт.

Бишкекте билериктерди аталган форумга катыша турган балдар кыргыз футболунун ардагерлери Дамир Бибаяевдин, Юсуп Мусаевдин, Борис Стрельцовдун, Меклис Кошалиевдин билектерине тагышты.

Ошондой эле Достук кубогуна катышып жаткан командалардын өкүлдөрү да колдоруна көк-жашыл түстөгү билериктерди тагышты.

Мелдешке жергиликтүү клубдар жана Казакстандын бир катар шаарларынан келген командалар катышууда. Жеңүүчү 7-майда аныкталат.

Кошумчалай кетсек, "Футбол достук үчүн" долбооруна быйыл Кыргыз Республикасы алгачкы жолу кошулду. Шарт боюнча 26-28-майда Италиянын Милан шаарында орун алчу форумга кыргыз жеринен 1 футболдук клуб барууга тийиш. Быйыл форумга катышып, кыргыз өлкөсүнүн желеги астында футболдук мелдешке катышуу укугуна "Дордой" футболдук клубу ээ болду. Ошондой эле жаш футболчулар УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешине күбө болушмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан