Жалал-Абад облусунда кичи футбол боюнча "Сергек жашоо" деген аталыштагы өлкө кубогу старт алды

Жалал-Абад облусунда кичи футбол боюнча "Сергек жашоо" деген аталыштагы өлкө кубогу старт алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Кичи футбол боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилик кубогуна 6 команда ат салышып жатат. Спорттук иш-чаранын негизги максаты - жаштарды сергек жашоого үндөө. Учурда ушул сааттарда Жалал-Абад командасы менен Ош командасы, ал эми кийинки тайпада Бишкек жана Талас облусунун атынан келген командалар күч сынашып жатышат. Оюндун жүрүшү 6-майда жыйынтыкталат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, республикалык мелдешке Нарын, Ысык-Көл облустарынан командалар келишкен эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан