Аламүдүн районунда "аялын сабаган" деген шек менен 51 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-май күнү милицияга арыз менен Аламүдүн районундагы жаңы конуштардын биринин Р.Э. аттуу тургуну кайрылган. Ал саат 16:00 чамасында күйөөсү себепсиз ур-токмокко алганын билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, арыз ээсинин 51 жаштагы Ж.К. аттуу күйөөсү кармалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.