Бишкектеги унаа жуучу жайлардын биринен 18 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 3 жаран кармалды

Бишкектеги унаа жуучу жайлардын биринен 18 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 18 жаштагы Т.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа жуучу жайдын ичинен белгисиз 3 жаран күч колдонуу менен аны зордуктаганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Талас облусунун 21 жаштагы К.А. аттуу тургуну, Нарын облусунун 18 жаштагы М.И. жана К.К. аттуу тургундары кармалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан