Спортчу Валентина Шевченко 62 килограмм салмакта 23-июлда Холли Холм менен 8 бурчтукта кез келет. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Мушкерлердин Абсолюттук Чемпиондугунун (UFC) экс-чемпиону Холли Холмдун мекендеши Миша Тейт менен реванш өткөрүү боюнча макулдаша алган жок. Холм эми кыргыз жеринен чыккан атактуу спортчу Валентина Шевченко менен мушташууга мажбур болот. Холм андан кийин гана Миша Тейт менен же Ронда Роузи менен реваншка камдана берсе болот.
Адистер болжогондой, март айында Холмду мөөнөтүнөн мурун жеңип алган Миша Тейт бул жолу Валентина Шевченкону уткан Аманда Нунезге каршы турат.
Кошумчалай кетсек, 62 килограмм салмакта Холли Холм атактуу Ронда Роузини нокаутка учуратып, чемпиондук курду тагынган. Бирок чемпиондук курду сактап калуу үчүн өткөргөн алгачкы беттешинде ал Миша Тейтке утулуп, чемпиондук наамынан ажыраган.