"Көк бөрүнү ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн улак эмес, муляж тартканга туура келет" дейт Улуттук оюндар боюнча дирекциянын башчысы

Кыргыз мамлекети көк бөрү оюнун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү аракетин дагы да болсо кызуу көрүп жатат. ЮНЕСКО буга чейин жандыктарды аёосуз кордоого каршы экенин белгилеп, көк бөрүнү тизмеге каттоо үчүн улактын ордуна муляж жасап чыгууну сунуштаган.

Бүгүн, 6-майда SUPER.KG порталына Улуттук оюндар боюнча дирекциянын башчысы Алмаз Касенов билдиргендей, ушул себептүү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында оюнчулар улак эмес, муляж тартып калышы мүмкүн. Себеби көк бөрүнү тизмеге каттатуу максатын көздөсөк, улактан баш тартканга туура келет.

Муляж жакында гана жасалып бүттү. "Аны байкап көрүп, кемчиликтерин оюнчулар айтсын деген ойдо Улуу Жеңиш майрамына карата Бишкектеги "Аккула" ат майданында уюштурулган көк бөрү мелдешине алып барганбыз. Улакчылардын муляж менен ойноп жатышканын көрүп, эл ат майданда баш аламандык кылып жибере жаздады. Сөгүнүп, салтты унутпоого чакыргандар болду", - дейт Алмаз Касенов.

Белгилүү болгондой, уюштуруучулар элдин реакциясын көрүп, муляжды текеге алмаштырууга мажбур болушкан. Элге түшүндүрүү иштери дагы да уланат.

Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 3-8-сентябрь аралыгында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KDM.Asylbek
2016-05-06 11:07:02
Муляждын сыртынан текенин тээрисин сырдап койсо текеге окшоп калат экен.
Бирок аны дүйнөлүк ойундарда гана ойноп башка өзүбүзчө республикалык ойундарда улак менен эле ойногон оңго.
+2
Almaz-93
2016-05-06 11:42:25
ЮНЕСКОГО кирбесек эмне кок-бору жок болуп кетмек беле. Кирбей эле койуш керек. Жасалма мн тартылса анча болбой калат.
-3
Sizge.kat
2016-05-06 13:01:56
Almaz-93, Биз киригизбесек казактар киргизет биздин ойун деп анан кийин улак ойуну дуйнолук аренага чыкканда (буюрса)казактын ойуну деп турганы жакшыбы же сага баары бирби
+7
Almaz-93
2016-05-06 16:31:12
Sizge.kat,Казак биринчи далилдесинда кок- борунун башында турганын. Казак тарыхыны эми 5 кылым болуп жатса каяктагы казактыкы. Кичине тарыхтын учун билген адамга тушунуктуу болсо керек.
0
dubai
2016-05-07 02:33:08
Almaz-93,элдин баары биле бербейт,казак киргизсе казактыкы болуп калат,ошол учун муляж болобу балакет болобу киргизиш керек.
+3
Ulik922
2016-05-06 15:28:15
Бул маникенди бешинде аккула ат майданында оюн болду,ошол жерден Сары озон менен тош булак командасынын оюнунда,элдер ойнотпой койду,чынында оюндун баркы жок болуп калат экен анан элдер алып бербей коюшту,акыры уюштуруучулар чыныкый улак тартканга макул болушту
0
ere
2016-05-06 16:24:15
Жасалма чындыка коошпойт экен
0
Kroxa
2016-05-06 22:36:08
Женил болуп калса керек кызыксыз го,юнеско жаныбарды кыйнаган болбойт деген тура..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан