Футбол боюнча улуттук курам 2-июнда Бишкекте Ливан курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул беттешке карата даярдык көрүлө баштады.
КРнын Футбол федерациясы кабарлагандай, машыктыруучу Александр Крестинин кеңейтилген курамга 29 футболчуну чакырды. Анын 23ү тандалып, машыгуу сборуна чакырылат.
Кеңейтилген курам:
Дарбазачылар: Павел Матяш (“УиТМ” клубу, Малайзия), Руслан Амиров (“Алга”), Калыс Акималиев (“Абдыш-Ата”), Валерий Кашуба, Максим Зинченко (“Дордой”).
Коргоочулар: Азамат Байматов (“Ситра”, Бахрейн), Тамирлан Козубаев (“Ягодина”, Сербия), Валерий Кичин (“Тюмень”, Орусия), Виктор Майер (“Меппен”, Германия), Акрам Умаров (“Крумкачы”, Беларусь), Курсан Шератов, Шерзот Шакиров, Дениэл Тего (“Дордой”), Ильяз Алимов, Турсунали Рустамов (“Алай”)
Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков (“Крумкачы”, Беларусь), Фархат Мусабеков (“Академия”, Молдова), Эдгар Бернхардт (“Аль-Оруба”, Оман), Ахлетдин Исраилов (“Динамо-2″, Украина), Антон Землянухин (“Сисакет”, Таиланд), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (“Дордой”), Павел Сидоренко (“Алга”), Мирлан Мурзаев (“Афжет Афьонспор”, Түркия).
Чабуулчулар: Виталий Люкс (“Унтерхахинг”, Германия), Дэвид Тэтте (“Дордой”), Абай Боколеев ("Миласспор”, Түркия), Ильдар Амиров (“Алга”).