Бүгүн, 7-майда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 7-тур оюндары орун алды. Бишкек жана Ош шаарларында өткөн беттештерде майдан ээлери жеңишке жетишишти.
"Алай" (Ош) - "Алдиер" (Куршаб) - 1:0
"Алга" (Бишкек) - "Абдыш-Ата" (Кант) 2:1
"Дордой" (Бишкек) - "Ала-Тоо" (Нарын) - 3:1
Бул күнкү жеңиштерди эсепке алганда "Алай", "Алга" жана "Дордой" клубдары 17 упай менен лидерлик сапта келе жатышат. 4-орунда келе жаткан "Абдыш-Атадан" атаандаштары 10 упай озуп кетишти. "Кара-Балта" клубунда 4 упай болсо, "Алдиер" менен "Ала-Тоодо" азырынча үчтөн упай бар.