Германиянын Бундеслигасынын ( өлкө чемпиондугу) 33-турунда "Бавария" футболдук клубу конокто "Ингольштадт" клубун 2:1 эсебинде утту. 2 голду тең клубдун польшалык чабуулчусу Роберт Левандовски киргизди. Каршылаштардан жалгыз голду Моритц Хартманн киргизди.
Муну менен мюнхендик клуб мөөнөтүнөн мурун Германиянын чемпиондугун камсыздады. Мелдештин жыйынтыкталарына 1 тур калганда "Бавариянын" упайларынын саны 85ти түзсө, башкы атаандашы "Боруссиянын" эсебинде 77 упай болду.
Кошумчалай кетсек, "Бавария" акыркы 4 жылда катары менен чемпиондукту камсыздап отурат. Клуб өз тарыхында 26-ирет бул бийиктикти багынтты.