Совет элинин улуу жана ыйык майрамы. 1945-жылы 8-май күнү саат 22ден 43 мүнөт өткөндө Германиянын баш калаасы Берлиндин жанындагы Карлхорст шаарында генерал-фельдмаршал Кейтель вермахтын атынан Советтер Союзунун маршалы Г.Жуковдун жана союздаштардын атынан Англиянын авиация маршалы А.Теддердин катышуусунда толук жана биротоло багынып берүү жөнүндөгү келишимге кол койгон.
Бул мезгилде Москвада 9-май болуп калган эле. Ошентип, 4 жылга созулган (1941-1945-ж.ж.) эң оор, эң кайгылуу, эң көп жоготууга алып келген Улуу Ата мекендик согуш аяктаган. Бул согушта совет эли 27 миллион адамынан ажыраган. Ошол эле замат И.Сталиндин жарлыгы менен 9-Май - Жеңиш күнү деп жарыяланып, эртең менен саат 6:00дө бул жарлыкты радио аркылуу атактуу диктор Левитан бүт совет элине жарыя кылган. Эң биринчи Жеңиш майрамы 1945-жылы 9-майы күнү болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Элдин баары майрамдаган. Көчөлөрдө адамдар бирин-бири куттуктап, ыйлап жүрүшкөн. Бул кубанычтын ыйы болгон. Кечинде СССРдин борбору Москва шаарында 1000 замбиректен 30 залп менен СССРдин тарыхындагы эң масштабдуу Жеңиш салюту берилген.
Бирок 1948-жылдан баштап 9-май кайрадан жумуш күнү болуп калган. 1965-жылы гана Жеңиштин 20 жылдыгында 9-май кайрадан жумуш эмес күн деп жарыяланып, бардык атрибуттары менен (аскер парады, согуш ардагерлеринин салтанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту) майрамдала баштаган.