Жеңиш күнүнө карата уюштурулган көк бөрү мелдешинде "Талас" командасы 3-орунду ээледи

Бүгүн, 9-майда "Аккула" ат майданында Жеңиш күнүнө карата уюштурулган ат оюндары өтүп жатат. Мелдеш алкагында көк бөрү боюнча 3-орун үчүн "Талас" жана "Талас жаштары" командалары оюн өткөрүштү.

SUPER.KG порталына Улуттук оюндарды өнүктүрүү боюнча дирекциядан кабарлашкандай, жыйынтыгында 5:0 эсеби катталып, "Талас" командасы жеңишке жетишти. Муну менен "таластыктар" 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынышты.

Көк бөрү мелдешинин финалы бүгүн саат 14:00гө белгиленген. Анда Оштун "Достук" командасы менен Суусамырдын "Сары-Өзөн" командалары өз ара ойношот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baisan93
2016-05-09 14:44:12
Ош алга ийгилик Достук жеңиш силерде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан