Бишкектеги көк бөрү мелдешинин финалына 5 миңден ашык адам жандуу күбө болууда (фото)

Бүгүн, 9-майда "Аккула" ат майданында Жеңиш күнүнө карата уюштурулган ат оюндары өтүп жатат. Учурда көк бөрү боюнча мелдештин финалында Оштун "Достук" командасы менен Суусамырдын "Сары-Өзөн" командалары ойноп жатышат. 1-бөлүктөн кийинки эсеп азырынча 1:1.

SUPER.KG порталына Улуттук оюндар боюнча дирекциянын башчысы Алмаз Касенов билдиргендей, финалдык оюнга 5 миңден ашык күйөрман күбө болууда. "Ат майдан 3 миң кишиге туураланган, бирок азыр эл орундарга жыш жайгашканын байкоого болот", - дейт А.Касенов.

Белгилүү болгондой, оюнга кирүү үчүн күйөрмандар 100 сомдон билет сатып алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
arawan
2016-05-09 15:50:06
9майда боло турган кок борудо жаны тайказан болот деди эле мумкун болсо суротун коргозуп койсонор го
0
admin_portal
2016-05-09 16:13:12
arawan, саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
0
dos
2016-05-09 20:34:28
Билет баасы 100 сом эмес 200 сом тактап туруп жазсанар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан