Жалал-Абадда өткөн кичи футбол боюнча өлкө биринчилигинде аталган облустун "Динамо" командасы жеңишке жетишти. Мелдешке бардык облустардан оюнчулар катышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кубок үчүн командалар 2 тайпага бөлүнүп таймашышты. Мелдеш 3 күнгө созулду. "Динамо" командасы финалда Оштун командасы менен беттешке чыгып, 2:1 эсептик айырмачылык менен Жалал-Абаддын командасы жеңди. Иш-чаранын соңунда уюштуруучулар спортчуларды медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйлашты. Ошондой эле "Мыкты дарбазачы", "Мыкты оюнчу" жана "Мыкты чабуулчу" наамдары ыйгарылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.