Бишкек. Көк бөрү мелдешинин финалында "Сары-Өзөн" командасы "Достукту" утту (фоторепортаж)

Бүгүн, 9-майда "Аккула" ат майданында Жеңиш күнүнө карата уюштурулган ат оюндары жыйынтыкталды. Көк бөрү боюнча мелдештин финалында Оштун "Достук" командасы менен Суусамырдын "Сары-Өзөн" командалары ойноп, 3:1 эсебинде "Сары-Өзөн" жеңишке жетишти. Минималдуу эсептеги жеңиштин катталганы оюндун курчтугун айтып турат.

Жыйынтыгында 1-орунду алган "Сары-Өзөн" командасы 400 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болду. 2-орун ээси "Достук" 200 миң сом байге алса, 3-орунду камсыздаган "Талас" командасы 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
realliver
2016-05-09 20:00:52
Сары-Озон Суусамырдыкы эмес, Чуйдуку. Конечно жарымы суусамырлык балдар, бирок жарымы биз жактык. Урмат, Улан, Нурбек, Айбек, Белек, Тыныч, Эрмек булар Суусамырлык эмес
-1
take.kg86
2016-05-10 00:27:48
realliver,чүйлүк балдар ойносо эле чүйдүн камандасы аталбайт
0
Almaz-93
2016-05-10 02:08:28
realliver,Суусамыр Чуйго карайт билбесен
0
realliver
2016-05-10 08:38:36
Almaz-93, Чуйго караарын мыкты билем. Ошол Чуй Суусамырга эмес, Суусамыр Чуйго карагандыктан "Чуй облусунун Сары-Озон" командасы деп айтылат!
0
baisan93
2016-05-09 22:36:56
Достук алга жеңилсеңерда бирок силер активный ойнодуңар ийгилик
0
Erkinbay_buiga
2016-05-10 07:59:01
жакшы ойношту,манастан коркуп калышкан экен,ошону эле коруп журушту.Достукта бир бирге ат жок экен.3 очко тен ортодон ташталды.Норуздагыга караганда бул жолу достойно эле женилди.Бирок судьялар аз да болсо тартат сары озонго,бул жолу азыраак тартты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан