Чүй облусунда мал уурдоого шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда мал уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 8-майда милицияга арыз менен Тельман айылынын 58 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 6-майдан 7-майга караган түнү белгисиз адамдар мал сарайынан 34 баш коюн уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча “мал уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Кара-Балта шаарынын 24 жаштагы Д.Н. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан