Бразилиялык футболчу Ривалдо: "Спорт сүйүүчүлөрү "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасын көрүүгө келишпесин, бул шаар өтө кооптуу"

Бразилия курама командасы менен 2002-жылы Дүйнө чемпиондугун уткан атактуу футболчу Ривалдо Рио-де-Жанейро шаарында баш аламандык дагы да болсо өкүм сүрүп жатканын айтты. Анын пикиринде, быйыл Олимпиада оюндары өтө турган шаарга келүү спорт сүйүүчүлөрү үчүн өтө кооптуу.

"Рио шаарында бандиттер 17 жаштагы кызды өлтүрүп кетишти. Шаарда кырдаал өтө курч. Келгендердин да өмүрүнө коркунуч келет. Саламаттыкты сактоо, саясий баш аламандык тууралуу ооз ачпай деле койсо болот. Бул көйгөйлөрдү Кудайдан башка эч ким чече албайт", - дейт футболчу.

Рио-де-Жанейро шаарынын кооптуулугу тууралуу жар салгандар акыркы кезде көп болууда. Мисалы, жакында интернетте шаарда чак түштө көз көрүнө уурулук кылган өспүрүмдөр тууралуу видео тараган. Анда өспүрүмдөрдүн көчөдөгү адамдардын баалуу буюмдарын тартып алып качып кеткендерин көрүүгө болот. Аларды токтоткон коопсуздук кызматы видеодо көрүнбөйт.

Кошумчалай кетсек, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы 5-августта башталып, 21-августта жыйынтыкталат.

Уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат) Рио-де-Жанейро
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tashi62
2016-05-10 11:46:10
Чөө экенда.
+1
bazarkyl
2016-05-10 11:49:21
Беш энесине жазса, үйүндө жатса да уурдатып алат. Пиардын агында, карасында, көгүндө колдонуп ийишти го булар.
0
MuslimNur95
2016-05-10 11:49:59
Туштук америкада бут эле мамлекеттери кооптуу айрыкча колумбия бразилиа чили .
+2
tashi62
2016-05-10 12:02:29
Колумбия эң коркунучтуу өлкө .
+1
realliver
2016-05-10 13:24:34
2014 чм по футболу отту го ал жакта. Эч кандай деле куйормандар учун кооптуу кырдаал болгонун уккан, окуган деле жокпуз
0
ATLETICO
2016-05-10 15:30:15
realliver, 2014-жылы айрыкча Бразилянын сталицасы Бразилия, менен Салвадор шаарларында отту болуш керек. Рио-Де Жанейро чын эле 13-райондон да жаман абалга тушуп баратат жылдан жылга!
+1
Il9s
2016-05-10 13:47:44
Эгер Бишкекте болсо кандай болот эле?
-1
Beka95
2016-05-10 20:24:37
Кантип Дуйнолук Олимпиада комитети ушул нерсени эсепке албайт. Эгер Бишкекте болсо мындан хуже кылып жамандап пиарлашмак эч ким келбей койсун учун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан