Кечээ, 9-майда Бишкекте жыйынтыкталган көк бөрү мелдешинде күйөрмандар атайын иштелип чыккан тай казан менен таанышышты. SUPER.KG порталына Улуттук оюндар боюнча дирекциядан кабарлашкандай, тай казандын тулкусу металлдан. Аттын буттары урулганда ооруксунуп калбаш үчүн ага атайын кездеме капталган.
Тай казан 4 бөлүктөн турат. Орнотулуп жатканда ортолору бурама менен бекитилет. Салмагы 1 тоннадан ашат.