"Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын финалы тууралуу ой бөлүштү. Футболчу "Барселонанын" элдешкис атаандашы "Реалдын" чемпиондуктан куру калышына кызыкдар. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
"Албетте, "Барселонанын" өкүлдөрү эч качан "Реалдын" жеңишке жетишүүсүн каалашпайт. Албетте, "Реал" дагы "Барсага" ошондой көз карашта. "Реал" Чемпиондор Лигасынын финалында ойнойт. Биз болсо Испания чемпиондугун жана Испания кубогун утканга аракет кылуудабыз", - дейт футболчу.
Кошумчалай кетсек, Чемпиондор Лигасынын финалы 29-майга караган түнү орун алат. Италиянын Милан шаарында орун алчу финалдык беттеште мадриддик "Реал" жана "Атлетико" клубдары ойношот.
Лионель Месси ойногон "Барселона" футболдук клубу мелдештин чейрек финалында "Атлетикого" утулуп, мелдештен четтеп калган.