Кыргыз бийчилери спорттук бий боюнча өткөн Азия чемпиондугунда 4 алтын жана 1 күмүш тагынышты

8-майда Таиландын Бангкок шаарында өткөн спорттук жана бал бийи боюнча Эл аралык "Asian Single Dance Championships-2016" мелдешинде кыргыз бийчилери 4 алтын, 1 күмүш жеңип алышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Спорт бийи боюнча федерациянын аткаруучу директору Сергей Титунин билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеште Корея, Япония, Кытай, Малайзия жана Тынч океан мамлекеттеринин бийчилери өнөрлөрүн тартуулашкан. Латын америкалык бийи категориясындагы самба, румба жана жайв түрү боюнча Артём Семеренко менен Виктория Качалко жуптугу үч алтын медаль алды. Муну менен катар Алексей Кибалко менен Татьяна Когадей жуптугу латын америкалык бийинин ча-ча-ча түрүндө 2-орунду алса, пассодобль түрүндө алтын тагынышты.

Жыйынтыгында мелдеште кыргыз спорттук бийчилери 4 алтын, 1 күмүш тагынышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MuslimNur95
2016-05-11 10:44:35
Эчкимге бербей алтындарды жыйнап алышыптырда
+2
toni_1984
2016-05-11 11:28:05
Азаматсынар баракелде ушинтип эле желегибиз чет жерде аты чыга берсин алга кыргызстан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан