Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курам "Дүйнө кубогу-2016" мелдешине катышпай калды

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курам "Дүйнө кубогу-2016" мелдешине катышпай турган болду. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, улуттук курам АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда командалык эсепте 8-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч балбандарыбыздан Ирандын Шираз шаарында өтө турган Дүйнө кубогуна катышуусун шарттамак (алдынкы 8 команда чакырылмак). Бирок Эл аралык күрөш федерациясы алдынкы 8 команданы топтолгон упайлардын негизинде эмес, медалдардын саны боюнча аныктаганын билдирген. Медалдардын саны боюнча улуттук курам 9-орунду ээлеп калган.

Күрөш боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү) улуттук курам тарыхында Дүйнө кубогуна катышып көргөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bakytffl
2016-05-11 18:52:04
Өкүнүчтүү
+3
karona
2016-05-12 00:02:41
Бизде озу ушул курош онуккон бул дагы отпой калса..
+3
ATLETICO
2016-05-12 00:32:53
Эмки жылы барасынар буйруса.
0
kakebrat
2016-05-12 03:39:50
Көрө албастык ичи тарлык кылганго бул күрөш федратциясы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан