ЖЫЛНААМА, 12-МАЙ: Орусиялык гимнаст Алина Кабаева 33 жашка толду

Орусиялык гимнаст Алина Кабаева 1983-жылы 11-майда туулган. Атактуу гимнаст, "Сидней-2000" Олимпиадасында коло жана "Афины-2004" Олимпиадасында алтын медалдын ээси, 2 жолку Дүйнө, Европа чемпиондугунун 5 жолку абсолюттук чемпиону, Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери Алина Кабаева Өзбекстандын Ташкент шаарында жарык дүйнөгө келген. Алинанын ата-энеси спортчулар болгон. Атасы Марат Кабаев 1980-1986-жылдары айтылуу "Пахтакор" футболдук клубунда, ал эми апасы Любовь убагында баскетбол боюнча Өзбекстандын улуттук курамында ойногон.

Алина Кабаева 2007-жылы Москва мамлекеттик университетин жана 2009-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетин аяктаган. Алинанын апасы кызын муз аянтынан көргүсү келген. Ал кезде Ташкентте бул спорт түрү боюнча спорт мектеби жок болгондуктан, Алина 3,5 жашка толгондо көркөм гимнастикага жетелеп барган. Кийин апасы кызынын карьерасы үчүн үй-бүлөсүн таштап, Алина менен Орусияга аттанган. Алина Кабаева көркөм гимнастика менен 1996-жылдан 2007-жылга чейин машыккан.
Спорттон кеткен соң чемпион кыз өзүн ар тараптан сынап, саясатка кызуу киришет. 2007-жылы 24 жашында "Единая Россия" партиясынын атынан Мамлекеттик Думанын V чакырылышындагы депутаты болуп шайланат. Жалпысынан депутат катары иштеген 7 жылдык ишинде 3 жолу чоң жыйында сөз сүйлөгөн жана 5 мыйзам долбоорунун иштелип чыгуусуна салым кошкон. Анда Алина "чырлуу мыйзам" аталган Дима Яковлевдин мыйзамын (орус ымыркайларын АКШ жарандары асырап алууга тыюу салган мыйзам) жайылтууга көмөктөшкөнү менен эсте калган.
Кабаева 2014-жылдын 15-сентябрында өз мандатын тапшырып, "Улуттук Медиа Группанын" Директорлор кеңешинин башкаруучусу болгон. "Улуттук Медиа Группа" Орусиянын жеке менчик макамында турган эң ири медиа холдинг болуп саналат. Ал "Рен-ТВ", "5-канал", "Первый канал" телеканалдарынын активдерине ээлик кылат. Ошондой эле "Известия", "Жизнь" гезиттери, "LifeNews" телеканалы жана "Русская служба новостей" радиостанциясына тең кожоюн. Медиа холдингдин ээлеринин бири Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын санаалаштарына кирген Юрий Ковальчук болуп эсептелет.
12-майдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан