Калысты сабаган "Алай" футболдук клубунун вице-президенти 1 жылга футболдон четтетилип, 100 миң сом айыпка жыгылды

Ош шаарынын "Алай" футболдук клубунун вице-президенти Сейит Аматовдун 2016-жылдын 31-декабрына чейин футбол жаатында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салынды. Мындай чечимди КРнын Футбол федерациясынын Дисциплинардык комитети 11-майдагы жыйынында чыгарды.

Маалыматка ылайык, мындай чечим С.Аматовдун "Алай" – "Алдиер" беттешинен кийин футбол калысын сабаганы үчүн кабыл алынды.

Комитет төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды:

– С.Аматовдун 2016-жылдын 31-декабрына чейин футбол жаатында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салуу, 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу;

– "Алдиер-2" командасын 3:0 эсебинде жеңилди деп эсептөө жана 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nursultan.91
2016-05-12 10:12:56
Бир муштум 100 мин сом охоо
+2
Omush94
2016-05-12 10:31:19
Бул аздык кылат дагы 1 жыл четтеткен да аз 3-4 жыл чететтип айып пулду жогорулатса болмок футболубуз эми онугуп келе жатса калысты сабаган кандай гана акмакчылык
+5
kgalik
2016-05-12 10:40:19
ХХХ ХХХ ХХХ, себеби калыстар Алай курама камандасын артка тарткысы келет
0
admin_portal
2016-05-12 11:26:51
kgalik, провокация жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
-2
kgalik
2016-05-12 10:41:31
Алай курама камандасы кучтуу болсо башкаларда кучтонот, неге ХХХ ХХХ ХХХ болсо жаман коробуз
-1
admin_portal
2016-05-12 11:28:01
kgalik, бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөргө тыюу салынган! Эскертүү!
+1
Lintel
2016-05-12 11:23:16
автор тагырак жазча тушунбой жатам кайсы куну кайсыл турда урушкан. Алай2 командасыбы же АЛАЙбы
+1
kgalik
2016-05-12 15:22:12
Максат туура тушунуктуу кылып жазсан.
0
kyrgyz.93
2016-05-12 16:36:52
Туура кылыптыр Кыргызстанда калыстар калыстыгын кылбайт кок бору калыстарында сабаш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан