11-майда Бириккен күрөш дүйнөсү уюму (UWW) допинг колдонгондорун аныктап, жолдомо уткан 7 спортчунун жолдомосун жокко чыгарды. Ал жолдомолор башка спортчуларга берилди. Алардын катарында кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев да бар (мельдоний табылган). 85 килограмм салмакта күрөшкөн балбаныбыздын жолдомосу индиялык Равондер Хатриге берилди.
Кошумчалай кетсек, Ж.Кенжеев жолдомону 18-мартта Казакстанда өткөн мелдеште камсыздаган.
Муну менен 5-21-август аралыгында Бразилияда өтө турган Олимпиадага алынган жолдомолордун саны 12 бойдон калууда. Жанарбек Кенжеевден жолдомо алынганы менен, дагы бир балбан Айаал Лазаревге жолдомо берилди.
Жолдомо ээлери:
Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, Виктория Полюдина (жеңил атлетика), Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, Руслан Царев (грек-рим күрөшү), Магомед Мусаев, Айаал Лазарев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Эркин Адылбек уулу (бокс) жана оор атлетика боюнча улуттук курам.