Жанарбек Кенжеев: "Допинг колдонгон эмесмин, баары жайында, мен Олимпиадага барам"

11-майда Бириккен күрөш дүйнөсү уюму (UWW) допинг колдонгондорун аныктап, жолдомо уткан 7 спортчунун жолдомосун жокко чыгарды. Ал жолдомолор башка спортчуларга берилди. Алардын катарында кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев да болгон.

Аталган уюм Жанарбек Кенжеевдин мельдоний препаратын колдонгонун билдирген. Жыйынтыгында 85 килограмм салмакта күрөшкөн балбаныбыздын жолдомосу индиялык Равондер Хатриге берилгени маалымдалды.

SUPER.KG порталы балбанга байланышка чыгып, окуя тууралуу кабар алды. Жанарбек Кенжеев төмөнкүлөргө токтолду: "Мен эч кандай допинг колдонгон эмесмин. Интернеттен өзүм тууралуу жаңылыктарды окудум, баарынан кабарым бар. Кыргыз элин бушайман болбоого чакырам, мен Олимпиада оюндарына барам".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tashi62
2016-05-12 13:47:14
Жакшынараак жооп берчи кеңири?
0
konfetka.medik
2016-05-12 14:54:41
tashi62,ar bir adam ozu bilet da kandai joop beriwin
+1
fanatka19
2016-05-12 17:12:55
Ошондо маалымат жалганбы? Жэ Жанарбектин жообу жалганбы?
0
tashi62
2016-05-12 17:14:13
Урматтуу супер инфо чын жана так жообун билип бергилечи?
0
ofiser26
2016-05-12 19:00:59
Ишенгем кожом сууга акты болуптурго бул жагы.
0
erlist
2016-05-13 04:56:51
олимпиадага барасын только зрител катары сенин ордуна индиянын бореци барат экен очень жаль байке...
-1
kanat.ozgorush
2016-08-11 09:02:39
Зритил эмес брат курушкону барат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан