Улуттук оюндар боюнча дирекция: "Дөңгөлөк менен капталган тай казандын ордуна коюлган тай казанга эл жана аттар бат эле көнүп кетишти"

Бишкекте 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 71 жылдыгына жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган көк бөрү мелдеши жыйынтыкталды. Бул мелдеште дөңгөлөк капталган тай казан алмаштырылып, ал элдин купулуна толду. Бирок уюштуруучулардын улакты (же текени) муляжга алмаштыруу аракетин ат майдандагы эл терс кабыл алып, чуу салган.

"Аттар жана улакчылар тай казанга бат эле көнүп кетишти. Бирок муляж менен ойноп көрүү аракетин күйөрмандар туура эмес кабыл алышты. Биз оюнду өнүктүрүүнү ойлонсок, сөзсүз улактан баш тартышыбыз керек", - деп белгилеген улуттук оюндар боюнча дирекциянын башчысы Алмаз Касенов.

Алмазбек Касенов жетектеген Улуттук оюндар боюнча дирекция бул тай казанды жыл башында жасап баштаган. Анда сыртынан байкалбаганы менен, темир басымдуулук кылат. Сырты болсо атайын кездеме менен капталган. "Бул тай казан көк бөрү оюнунун өлкөдө эле эмес, чет өлкөдө да өнүгүүсүн шарттайт деген үмүттөбүз. Биз көк бөрүнү дүйнөлүк аренага чыгарууну көздөп жатабыз", - дейт
А.Касенов.

3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында дал ушул тай казандар колдонулат.

Жаңы тай казан тууралуу маалымат:

- жогорку жагынын диаметри - 3,6 метр;

- бийиктиги - 1,2 метр;

- туурасы - 0,8 метр;

- төмөнкү жагынын диаметри - 4,4 метр;

- 0,5 метр бөлүгү казылган жерге орнотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nuri2605
2016-05-12 17:43:44
Аа Жакшыыы
0
Va.vasm
2016-05-12 20:26:34
Аттардын буту, жыгылган чабандестин денеси сынбайт бекен? Ото эле копол корунотко.
0
GORDIY.KG
2016-05-13 09:32:01
Сулуулуктан коопсуздукту ойлошту бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан