Талас облусунда жол эрежесин бузуу менен үч адамдын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу 10 жылга эркинен ажыратылды

Талас облусунда жол эрежесин бузуу менен 3 адамдын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 22-августунда саат 23:00 чамасында 21 жаштагы Т. у. Талгат аттуу жаран досунун атасынын Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаасын мас абалда, жогорку ылдамдыкта айдап баратып жол кырсыгына учураган. Унаанын ичинде дагы 3 жүргүнчү болгон. Талас шаарынын көчөлөрүнүн биринен түндүк тарапка айдаган айдоочу бетон электр мамысын жана темир күркөнү сүзүп, натыйжада 22 жаштагы Т. уулу. А. жана М.А. аттуу жүргүнчүлөрү окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми үчүнчү жүргүнчүсү 22 жаштагы Н.А. бир жумадан кийин ооруканадан каза тапкан.

Бул факт боюнча айыпталган Т. у. Талгат "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
oma16.02.95
2016-05-13 12:14:32
10 жыл азр!омур бою эркининен ажыратыш керек эле
-4
bolotbai4
2016-05-13 12:52:01
Ошондо уч адамды олтургон учун 10жыл аз,30 жыл бериш керек кылмышкерге.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан