Ош шаарында мугалимдер арасында спорттук мелдештер өткөрүлүүдө

Ош шаарында мугалимдер арасында спорттук мелдештер өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына Ош педагогикалык университетинин Профсоюз уюмунун төрагасы Алманбет Кошбаев билдирди.

"Мугалимдер арасында спорттун волейбол, кичи футбол, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси оюндары боюнча мелдеш өткөрүп жатабыз. Бул иш-чаранын негизги максаты - мугалимдердин дени сак болуп, сергек жашоо жана улуттук оюндарды унутта калтырбай кийинки муунга өткөрүү. Бул мелдешке 13 команда катышып жатат. Жалпысынан 100дөн ашуун мугалим спорттук иш-чарага тартылган. Профсоюз уюму мындан ары да кызыктуу иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатат", - дейт А.Кошбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан