14-майда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын 9-турунда 3 беттеш орун алды. Бишкектик "Дордой" бул күнү ойнобогонуна байланыштуу бул күнкү оюндардын жыйынтыгында бишкектик "Алга" футболдук клубу мелдеш жадыбалында 1-орунга көтөрүлдү.
"Алга" кыйынчылык менен "Алай" футболдук клубун ута алды. Бул беттеште күйөрмандар голду 90 мүнөт күтүштү. Беттеш 0:0 эсебинде жыйынтыкталат деген божомолдор айтыла баштаганда, "Алга" кезектеги чабуулун гол менен жыйынтыктады. Жыйынтыгында команда 3 упайга ээ болуп, мелдештеги упайларынын санын 20га жеткирди. "Алай" менен "Дордойдо" азырынча 17ден упай бар.
9-тур оюндарында катталган эсептер:
“Абдыш-Ата” (Кант) – “Кара-Балта” (Кара-Балта) – 4:1
“Ала-Тоо” (Нарын) – “Алдиер” (Куршаб) – 1:0
“Алга” (Бишкек) – “Алай” (Ош) – 1:0
Мелдеш жадыбалы: