Футбол боюнча улуттук курамабыз 2-июнда Ташкент шаарында Өзбекстан курама командасы менен беттешет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, буга чейин 2-июнда Бишкекте кыргыз футболчуларынын Ливанга каршы беттеши пландалган. Бирок Ливандагы саясий абалга байланыштуу каршылаштар беттеш өткөрүүдөн баш тартышкан.
Кошумчалай кетсек, учурда Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде Өзбекстан курамасы 66-орунду ээлеп турат. Ал эми Кыргыз Республикасынын курамасы 100-орунда.