Москвада бий спорту боюнча өткөн "Жеңиш вальсы. ЦСКА Кубогу-2016" мелдешинде кыргыз спортчулары 3 алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекциядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке Болгария, Сербия, Польша, Франция, Армения, Кыргыз Республикасы жана Орусиянын 29 аймагынан спортчулар катышкан. Жалпысынан 2800 жуптук күч сынашкан.
Жыйынтыгында Тимур Вагизов жана Даяна Маматбековадан турган жуптук мамлекетибиздин желеги астында өнөр көргөзүп, 3 алтын медаль жана 3 кубокко ээ болду.