Ысык-Көлдө өткөн марафондо былтыр жеңүүчү аталган Аман Момуналиев быйыл да алдына эч кимди чыгарган жок

Жеңил атлет Аман Момуналиев Ысык-Көлдө өткөн Эл аралык "Run the Silk Road" марафонунда 2 ирет катары менен жеңүүчү аталды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 14-майда өткөн марафондо спортчулар 3 аралык боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты: марафон (42 чакырым 195 метр), жарым марафон (21 чакырым 97,5 метр) жана кичи марафон (10 чакырым).

42 чакырым 195 метр аралыкка чуркоодо жеңишке Аман Момуналиев жетишти. Ал бул аралыкты 2 саат 36 мүнөт 26 секундада басып өттү.

Кошумчалай кетсек, "Run the Silk Road" марафону атактуу спортчу, Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналып өткөрүлөт. Марафон быйыл 5-ирет уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан