ЭЛДИК ВИДЕО: Кытайлык кыргыз мушкери Маметтокто түштүк кореялык атаандашын жеңди

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кытайлык кыргыз балбаны Маметтокто түштүк кореялык атаандашын жеңди" аттуу видео жүктөлдү (ник: Beles).

Белес аттуу колдонуучунун билдиргенине караганда, 14-май күнү кытайлык кыргыз мушкери Маметтокто Кытайдын атынан чыгып, түштүк кореялык атаандашын жеңип кеткен.

Мелдеш башталар алдында кыргыз жигитинин жерге отура калып бата кылганы, рингге ак калпагын кийип чыкканы кубандырбай койбойт. Мелдеш ийгиликтүү аяктап, атаандашын жеңгенден кийин да кытайлык кыргыз жигитинин башына ак калпагын кийип турганы кыргыз элин сүйөрүн көрсөтүп турат.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Shaa-82
2016-05-17 15:24:00
КЫРГЫЗ деп коет муну! Алга азаматтар!
+6
elchi84
2016-05-17 16:11:38
Азаматсын ийгилик чыныгы экенсин!Алга.
+2
Jonathan88
2016-05-17 16:36:37
Кытайда туулуп оссо да,Кытайдын атынан чыксада,бирок улуттук намысын сатпаган,Ак калпагыбызды сыйлаган,Кыргызмын деп Дүйнөгө тааныткан чыныгы Кыргыз жигити экени даана көрүнүп турат,Аллах дайым,колдоп,коргоп жүрсүн,дагы көптөгөн ийгиликтерди багынтып Кыргызымдын атын Дүйнөгө дунгуротуп жүрө беришине тилектешмин,аамиин
+6
kubanaid
2016-05-17 17:02:37
молодец каны кыргыз жаны кыргыз башка жерде туулуп оссо да
+1
Taalai94
2016-05-17 17:32:07
Ушуну жазса болот каяктагы жамаланы жазбай.
+2
ruslankg
2016-05-17 18:35:00
Мына сага кыргызстанда торолбосода журогу кыргыз деп согоору корунуп турат ушуну айт потриот деп.
+2
BekAmir
2016-05-18 03:40:38
Азаматсын. Көрүп сыймыктандым. Ийгилик
+1
insap
2016-05-18 08:47:00
Азамат екен маметтокто! Кыргыздан ушундай дүйнөнү дүр силкинткен кыйындар куйругулаш чыга берсин!..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан