Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону, эрежесиз эр уруш беттештерин уюштурган Bellator мелдешинин экс-чемпиону, америкалык Бен Аскрен кыргыз жерине келди. Ал кыргыз спортчуларына чеберчилигин көрсөтүп, мастер-класс өтөт. Бул тууралуу КРнын Грэпплинг федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бен Аскрен 18-майда Бишкекте өтө турган грэпплинг боюнча өлкө чемпиондугуна сыйлуу конок катары күбө болот.
19-майда болсо "Беш-Сары" спорттук залында мастер-класс өткөрөт.