Нарында "12 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган" деп айыпталган 48 жаштагы жаран 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 3-октябрында Кочкор районунун 48 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну 12 жаштагы Т. к. А. аттуу кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жаткан учурда аны кыздын апасы жана агасы көрүп калышкан.
Кылмышка шектүү жаранга карата “сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү күнөөсүн моюнуна алган эмес, бирок далилдер жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү эске алынып, айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, сот аны 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.