"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына Кыргыз Республикасынын желеги астында катыша турган 13-спортчу Илья Тяпкин болду. Ал Эл аралык Олимпиада комитетинин квоталык жолдомосуна ээ болду. Бул тууралуу КРнын Жеңил атлетика федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, федерация спортчунун 8-майдагы марафондо көрсөткөн жыйынтыгын эске алып, Эл аралык Олимпиада комитетине кат жолдогон. Анда спортчу оюндарга жолдомо алуу үчүн 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 19 мүнөттө багынтуусу керек эле. Бирок Тяпкин 11-орунду ээлеп, аталган аралыкты 2 саат 19 мүнөт 19 секундада чуркап өткөн. Натыйжада ал 19 секунда кечигип, жолдомодон куру калган.
Кошумчалай кетсек, 5-21-август аралыгында Бразилияда өтө турган Олимпиадага азырынча 13 спортчу бара турган болуп жатат (мельдоний чырына байланыштуу Жанарбек Кенжеевдин жолдомосунун тартылып алынганын эсепке албаганда). Буга чейин жеңил атлеттер Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, Виктория Полюдина, грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, Айаал Лазарев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, мушкер Эркин Адылбек уулу жана оор атлетика боюнча улуттук курам Олимпиада оюндарына жолдомо алган.