19-майга караган түнү Швейцариянын Базель шаарында футбол боюнча Европа Лигасынын финалы орун алды. Финалда испаниялык "Севилья" футболдук клубу англиялык "Ливерпулду" 3:1 эсебинде утуп алды.
Оюнда Дэниел Старриж эсепти ачып, "Ливерпулду" алдыга чыгарды (35-мүнөттө). Андан соң "Севилья" 3 голду катары менен киргизип, жеңишти камсыздады. Алгач Кевин Гамейро (46-мүнөттө) эсепти теңесе, капитан Коке Морено 2 гол жаратты (64-мүнөттө, 70-мүнөттө).
Жыйынтыгында "Севилья" кубокко гана ээ болбостон, УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2016-2017-жылкы сезонунун финалдык баскычына жолдомо алды. Команданын Испания Лигасында 7-орунду ээлегени буга жолтоо болгон жок (Испанияда алдынкы 4 орунга гана жолдомо берилет).
2014-жылы жана 2015-жылы мелдешти "Севилья" утканын эске алсак, испаниялыктар 3 жыл катары менен чемпион болуп, жаңы рекорд жаратышты.