Өткөн суткада өлкөдө 5 өрт кырсыгы катталып, Аксы районунда соода күркөсүнүн чатыры жана 3 муздаткыч күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы дүкөндөрдүн биринен өрт чыкты. Анда Кош-Дөбө айыл аймагындагы Атана айылындагы Чыныбек көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу, темир жабылган 24 чарчы метр аянтта азык-түлүк сатуучу соода күркөсүнүн чатыры, 3 муздаткыч, 2 терезе, 3 эшик күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurzhaz
2016-05-19 13:58:39
Арак сатпайт бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан