Парижден Каирге учуп баратып жоголуп кеткен учак Жер Ортолук деңизине түшүп кетти деп болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда жергиликтүү басылмалар Египеттин авиациялык бийлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
"Египет" авиакомпаниясынын вице-президенти Ахмед Абдел буга чейин радардан жоголуп кеткен учак кырсык сигналдарын бербегенин билдирди. Жергиликтүү телеканалдар берип жаткан маалыматтарга ылайык, учак бөлүктөргө бөлүнүп кетиши мүмкүн.
"Учурда учакты издөө иштерин Грециянын жана Египеттин аскердик авиациялары жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, аталган учак кечээ түнү MS 804 каттамы менен Шарль-де-Голль аэропортунан Каирге багыт алган. Учурда учак жана анын жүргүнчүлөрү тууралуу эч кандай маалымат жок.