Пара алып кармалган Баткен райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучуга карата козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган райондун О.К. аттуу тургуну ага карата козголгон кылмыш ишин кароо үчүн судья 3 миң доллар талап кылгандыгын билдирген. Кийин ал соттун төрагасынын милдетин аткаруучу акча эмес, арыз ээсине таандык Тойота Харриер үлгүсүндөгү унааны 4 миң долларга баалап, унааны ага берүүнү талап кылган. Ал эми ортодогу 1 миң доллар айырма акчаны арыз ээсине кайтармай болгон. 25-февраль күнү К.О. унаасын судьянын тууганына берип, анын атына каттаткан. Ошол эле күнү судья 50 миң сом пара катары алган унаанын айырма акчасын берип жатып колго түшүрүлгөн.
Бул факт боюнча "алдамчылык" жана "пара алуу" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары аяктап, иш Баткен райондук сотуна өткөрүлүп берилди.