Кемин районунда тоноочулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-апрель күнү милицияга арыз менен 57 жаштагы Б.Э. аттуу Орловка айылынын тургуну кайрылган. Ал саат 09:00 чамасында аталган айылдагы дүкөндөрдүн биринен белгисиз жаран анын 12 жаштагы небересинин уюлдук телефонун колунан тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Чым-Коргон айылынын З.Б. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.