Балыкчы шаарындагы №36806-аскер бөлүгүндө жарылуу болуп, 1 жоокер каза тапты. Маалыматты бүгүн, 20-майда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашты. Окуя 19-майда саат 20:30 чамасында болгон. Аскер бөлүгүнүн келишимдик кызматынын кызматкери, катардагы жоокер З.Т. ок-дарыларды колдонууда коопсуздукту бузуп, жанында турган снарядды көздөй таш ыргытканы, таш тийүүдөн улам снаряд иштеп жарылып кеткени айтылды. Жардыруудан улам аталган жоокер Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилип, саат 21:30да алган жаракатынан улам көз жумган.
Факт боюнча кызматтык иликтөө иштери башталды. Балыкчы гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан иликтеп-териштирүү иштери жүрүүдө.