Шри-Ланкада бир нече күндөн бери тынымсыз жааган жамгырдан улам жер көчкүлөр орун алып, 800гө жакын адам дайынсыз жоголуп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 18-май күнү орун алган. Бир нече аймакта катталган жер көчкүдөн улам 200дөн ашуун үй-бүлөдөн 800гө жакын адам бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз экени айтылууда. Акыркы маалыматтарга караганда, каза тапкандардын саны 37 адамга жеткен, бирок учурда бул сан так эместиги маалым.
"Селден жана жер көчкүдөн сактануу үчүн 30 миңден ашуун адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду. Учурда аталган аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланып, дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштерине аскерлер тартылды", - деп айтылат маалыматта.