Исфана шаарында өрттөнгөн базардын ичиндеги ашкана, кафе жана соода түйүндөрү күйүп кетти

Исфана шаарындагы "Лейлек" дыйкан базарында чыккан өрттүн кесепетинен ашкана, кафе, соода түйүндөрү өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 20-майга караган түнү саат 02:40 чамасында "Лейлек" керек-жарак коомуна жана жеке ишкерлерге таандык соода түйүндөрү, анын ичинде ашкана, кафе, соода дүкөндөрү күйүп кеткен. Окуя болгон жерге 4 өрт өчүрүүчү, 1 даана жолго суу чачуучу, 4 жеке суу ташуучу унаа тартылган. Өрт эртең менен саат 06:10 чамасында өчүрүлгөн.

Учурда өрттөнгөн базар аймактык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, кайтарылууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, базардын 500-700 чарчы метр аянты өрттөнгөн. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2016-05-20 14:04:16
блин аяш аваларга жаман болуптур тилзиз жоодон кудай сактасын
-7
Ulan2601
2016-05-20 16:01:47
aerforce,аяш аваларга эмес Лейлек элине деп жазсан
+3
baska
2016-05-20 17:19:44
Азыркы убакка чейин тутоп турат,бул жерде башка бир сыр бар болбосо ахранасы да ошол куну каза болуп калыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан