Ош облусунда тоноочулукка шектелип Кара-Суу районунун 43 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 28 жаштагы И.У. аттуу жергиликтүү тургун кайрылган. Ал Зайнабидинов көчөсүнөн белгисиз жаран коркутуу жолу менен кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 43 жаштагы тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.