Кыргыз мушкери Тилек Батыров эрежесиз эр уруш боюнча ири мелдештерди уюштурган Азиядагы ири уюмдардын бири "ONE Fighting Championship" менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлдөрү кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Жаш күч" клубунун өкүлү Т.Батыров менен келишим 1,5 жылга туураланган. 61 килограмм салмакта 8 бурчтукка чыга турган спортчунун аталган мелдештеги дебюту жакынкы аралыкта болот.
Батыровдун эсебинде азыр 11 беттеште 9 жеңиш, 1 жеңилүү жана 1 тең чыгуу бар. Ал буга чейин "Fight Night" (Орусия), "Tech Krep Prime" (Орусия), "Alash Pride" (Казакстан), "Kunlun Fight" (Кытай), WEF (Кыргыз Республикасы) жана JFC (Кыргыз Республикасы) сыяктуу уюмдар уюштурган мелдештерге катышып келген.