Балыкчы шаарындагы №36806-аскер бөлүгүндө жарылуудан каза тапкан жоокердин өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгына ылайык кылмыш ишин козгоо маселеси каралат. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда SUPER.KG порталына КРнын Аскер прокурорунун улук жардамчысы Асылбек Абдраев билдирди.
"Учурда окуя орун алган аскер бөлүгүндө тиешелүү мекемелердин кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралат", - деди А.Абдраев.
Буга чейин белгилүү болгондой, факт боюнча кызматтык иликтөө иштери башталган. Балыкчы гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан иликтеп-териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылган.
Эскерте кетсек, 19-майда саат 20:30 чамасында аскер бөлүгүнүн келишимдик кызматынын кызматкери, катардагы жоокер З.Т. ок-дарыларды колдонууда коопсуздукту бузуп, жанында турган снарядды көздөй таш ыргытып, таш тийүүдөн улам снаряд жарылып кеткен. Бир сааттан кийин жоокер ооруканадан каза болуп калган.