Бишкектеги мейманканалардын биринен 27 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга арыз менен 27 жаштагы Элиза Ү. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал 18-май күнү саат 16:30 чамасында борбор калаанын Гоголь көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринен 25-30 жаш чамасындагы жигит күч колдонуу менен зордуктап койгонун билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ак-Босого жаңы конушунун 28 жаштагы Урмат Ж. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.